Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Президент терроризм - башкы сырткы коркунуч экенин эскертти


"Кыргыз-тажик чек арасын карегибиздей сакташ үчүн биз каржылык жана интеллектуалдык дараметибизди аябашыбыз керек,” – деп билдирди мамлекет башчы бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коллегиялык отурумунда. Президент өз сөзүндө улуттук коопсуздук кызматы жана анын офицерлери мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин тынчтыгын, өздөрүнүн абийирин баарынан жогору коюп, кайсы бир кландардын, кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн эмес, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштөөсү тийиштигин баса белгиледи. Роза Отунбаева өлкөнүн коопсуздугуна сырттан туулуп жаткан башкы коркунуч – терроризм болуп жатканын белгилеп, ага каршы туруу үчүн коңшу мамлекеттердин коопсуздук кызматтары менен тыгыз кызматташууну, бул үчүн тил үйрөнүү зарылчылыгы бардыгын айтып кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Өткөн жумада “Ата Мекен” партиясы билдирүү таратып, Ысык-Көл жээгиндеги “Каприз” эс алуу үйүндө Улуттук коопсуздук кызматынын жана прокуратура кызматкерлери кылмыш төбөлдөрү менен жолугушканын маалымдаган. Кийинчерээк Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул маалыматты жокко чыгарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG