Борбордук Тахрир аянтында президент Мубарактын жактоочулары менен башкаруучу режимге каршы болгондордун кагылышуусу бүгүн да уланууда. Армия тирешкен эки тараптын ортосунда бөлүп турат. Шаршембиден бейшембиге ооган түндө Тахрир аятында бир сааттан ашык ок атышуу болгон. Ички иштер министри бул маалыматты жокко чыгарды. Ок атуу Мубарактын тарапкерлери жана полиция кийимчендер тарабынан болгону айтылууда.
Өлгөндөрдүн так саны азырынча белгисиз. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри шаршембиден берки эки тараптын кагылышуусунда кеминде 6 киши өлүп, сегиз жүздөн ашуун жарадар болгонун билдирет. "Эл-Арабия" сыналгысы өлгөндөрдүн саны 10го жеткенин жарыялады.
Тахрир аянтындагы нааразычылык Хосни Мубарак сентябрга чейин президенттиктен кетпей тургандыгын айткандан кийин күчөгөн. Евробиримдик, АКШ Египет бийлигин кагылыштарды токтотуп, бийликти тезинен өткөрүп берүүгө чакырды.