Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

АКШ Сенаты Мубаракты утурумдук өкмөт түзүүгө үндөдү


Президент Хосни Мубарактын бийликтен кетишин талап кылган демонстранттар бүгүн Египеттин бүтүндөй аймагында “Чечүүчү жума” деген аталыштагы ири акция өктөргөнү жатышат. Жаңы премьер-министр Ахмед Шафик "Ички иштер министрлиги жума намазынан кийинки тынч жүрүштөргө тоскоолдук түзбөөгө тийиш" деди. Бирок АКШнын Мамлекеттик департаменти кагылышууларды күтсө болот деп эсептейт. Кечээ Мубарак бийликтен кетүүнү кааларын, бирок анда Египет башаламандыкка батат деп чочулаганын айтты. Ал күнү президентчил жана ага каршы чыккан демонстранттардын ортосунда кайрадан жаңжал чыкты. Вице-президент Омар Сулейман тополоңдорго чет өлкөлөр тукуруп жатышат деп билдиргенден кийин сырттан келген журналисттер бутага алына баштады. Бул аралыкта АКШнын Сенаты Мубаракты бийликти утурумдук өкмөткө өткөрүп берүү процессин жана президенттик шайлоого даярдык баштоого үндөгөн резолюция кабыл алды. “Нью-Йорк таймс” гезити АКШнын расмий адамдары египеттиктер менен Мубарактын дароо кетишин талкуулап жатышканын кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG