Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Бишкек шаар кеңеши мэрди шайлоо маселесин кароодо


Бишкек шаар кеңешинин депутаттары бүгүнкү отурумуна борбор калаанын мэрин шайлоо маселесин алып чыгышты. Шаар башчылыгына эки кишинин: азыр иштеп жаткан мэр Иса Өмүркуловдун жана анын орун басары Вячеслав Красиенконун талапкерлиги коюлду. В. Красиенко азыр иштеп жаткан мэрдин ишине канааттанарын билдирип, И. Өмүркуловдун пайдасына өз талапкерлигин алып салды. Ал эми экинчи талапкер Иса Өмүркулов өзүнүн программасы менен депутаттарды тааныштырып жатып, борбор калааны оңдоо үчүн баштаган иштеринин баарын аягына чыгарууга убада кылды.

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов социал-демократиялык партиянын мүчөсү. Шаар башчылык кызматка ал 2010-жылы апрель окуясынан кийин келген. Буга чейин ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын жетектеген жана Жогорку Кеңештин эки чакырылыштагы депутаты болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG