Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Сокулуктук тургундар жол тосушту


Сокулуктун Күн-Туу, Кызыл-Туу айылдарынын тургундары жана аларды ташыган кичиавтобустардын айдоочулары Бишкек – Күн-Туу жолун жабышты. Айрым маалымат агенттиктери жазып чыгышкандай, алар эл ташыган унааларды Бишкектин Ош базарына жакын жерге токтотууну талап кылышууда.

Мурдараак Бишкек шаар мэриясынын буйругу менен шаарга сырттан эл ташып келген унаалардын токтоочу жайы Батыш автобекетинин аймагына көчүрүлгөн болчу. Бул Бишкекке коңшулаш райондордон келип, соода-сатык жасап кетип жүргөн жүргүнчүлөрдүн нааразылыгын жаратып, буга чейин Кара-Балта – Бишкек каттамындагы унаалардын айдоочулары да жол бууп, иш таштоого барышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG