Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Парламент ажылыкты уюштуруу маселесин жабык эшик артында кароодо


Ошентсе да өткөн жылкы ажылык сапарды уюштурууда мамлекеттик аткаминерлер коррупциялык иштерге аралашканы маалым болууда. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, депутат Жоомарт Сапарбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 2010-жылкы ажылык сапарды уюштурууда айрым аткаминерлер 5 млн. доллардан ашык акчаларга туйтунганы бүгүнкү отурумда ачыкталды. Анын айтымында, мындай маалыматтарды ажылык сапарды уюштурууну иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын башчысы Каныбек Осмоналиев өзүнүн отчетунда айткан. Ажылык сапарды уюштуруу маселесин Жогорку Кеңеш бүгүн Тышкы иштер министрлигинин өтүнүчү менен жабык эшик артында карап жатат. Жоомарт Сапарбаевдин пикири боюнча ажылык сапарды уюштуруу маселесин журналисттерден жашыруун кароо - Кыргызстан менен Сауд Арапстандын мамилесин бузуп алууну алдын алуу үчүн эмес, ажылыкты уюштуруу иштерине аралашкан аткаминерлердин жүзү ачылып калуусун алдын алуу максатында болгону ачыкталып отурат.

2010-жылкы ажылык сапарды уюштурууда мамлекеттик дин комиссиясы кыңыр иштерге жол бергени тууралуу кабар тараган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG