Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

Египетте окуган 25 студент гана Кыргызстанга кайтып келүүгө макул болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттин илим, билим берүү, маданият, маалымат жана дин иштери боюнча комитетинин төрайымы Жылдыз Жолдошова билдирди. Анын айтымында, бүгүн Египетте билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин ата-энелери кайрылып, балдарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын айтышкан. Жылдыз Жолдошева бул маселе боюнча тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшкөнүн, министр ушул тапта Египетте кыргыз жарандарына жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандын Сауд Арапстандагы элчилигинин үч өкүлү жүргөнүн маалымдаганын айтты. Ж.Жолдошеванын маалыматына ылайык, Египетте кыргызстандык 300гө жакын студент билим алат, бирок алардын 25и гана Кыргызстанга кайтып келүүгө макул болгон. Калган студенттер Египеттин башка шаарларында окугандыктан азырынча өлкөгө кайтып келүүдөн баш тарткан.

Жылдыз Жолдошева эгерде Кыргызстандын жараны Египеттен чыгып кетүүнү кааласа Тышкы иштер министрлигине каалаган маалда кайрылса болорун кошумчалады.

Бүгүн (5-февралда) Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, анда Египетте ички саясий абал начарлай турган болсо, ал жактагы кыргызстандыктарды чыгаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлө турганын, министрликте Египеттеги кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүүчү атайын штаб түзүлгөнүн маалымдаган. Билдирүүдө айрыкча Сауд Арапстан менен Түркиядагы Кыргызстандын элчиликтерине жарандарды эвакуациялоого даярдануу тапшырмасы берилгени айтылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG