Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Египетте Мубарак экономисттер менен жолукту


Саясий кризиске байланыштуу өлкө толкундоолор башталган 25-январдан бери үч миллиард доллардан ашык зыян тарткандыгы кабарланды.
Египеттин вице-президенти Омар Сулейман бүгүн таанымал жарандар менен жолугуп, мамлекеттик жогорку бийликти президент Хосни Мубарактан өткөрүп алуунун жолдорун талкууламак.

Жарым айга чукулдап калган нааразылык акцияларынан кийин Хосни Мубарак "мамлекет башкаргандан тажаганын" айткан, бирок "азыр кетсем өлкөдө башаламандык башталып, тыюу салынган "Мусулман агаиндер" кыймылы бийликти басып алат" деген ойдо.

Каирде, Александрияда, башка шаарларда Мубарактын кетишин талап кылган тынч демонстрацияларга жүз миңдеген киши катышууда, бүгүн алардын маанайы тынч экендиги кабарланууда. Кечээ Каирде кармалган "Азаттыктын" эки кабарчысы абактан чыга элек. Мубарактын колдоочулары Каирде башка аянттарда чогулду, алардын ортосунда армия турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG