Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Албанияда өкмөткө каршы демонстрация өттү


Оппозициянын миңдеген өкүлдөрү баш калаа Тиранага чыгып, "коррупцияга баткан, шайлоону бурмалаган өкмөт кетсин" деп талап кылышты. Үч миңден ашык киши шаардын борборундагы саябан бакты бойлой басышты. Мындан жарым ай мурдагы өкмөткө каршы акцияда коопсуздук күчтөрү менен кагылышта үч демонстрант окко учуп, 150 чактысы жараат алган. Өкмөт башчысы Сали Бериша кызматынан кетүүдөн баш тартып, оппозицияны төңкөрүш пландап жатат деп айыптаган. Демонстрациялар Албаниянын башка шаарларында да өттү. Оппозиция ар жума күнү көчөгө чыгаарын эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG