Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Египетте оппозиция нааразылык акциясын уланта берээин эскертти


Демонстранттар ишембиде Каирдин Тахрир аянтында он экинчи күн катары менен калышты, алардын маанайы бүгүн тынч экендиги кабарланды. Демонстранттар президент Мубарактын бийликтен кетишин талап кылууда. Оппозиция мындан ары наараазылык акциялары шейшемби жана жума күндөрү өтө тургандыгын билдирүүдө. 5-февралда президент Мубарак экономисттер менен жолукту. Саясий кризиске байланыштуу өлкө толкундоолор башталган 25-январдан бери үч миллиард доллардан ашык зыян тарткандыгы кабарланууда. Араб жана англис тилинде обого чыгуучу Ал-Жазире каналы бүгүн анын Каирдеги кеңсесине кол салуу болуп, компютерлер жана башка жабдыктар өрттөлгөндүгүн билдирди. Кечээ Каирде кармалган "Азаттыктын" жарандыгы британиялык эки кабарчысы абактан чыга элек.

XS
SM
MD
LG