Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Египетте иштеп жүргөн 35 кыргызстандык кайтып келет


Орусиялык “Пегас” фирмасы аркылуу Египетте гид катары иштеп жүргөн 35 кыргызстандык 6-7 февралда Москвага учуп келери белгилүү болду. “Замандаш” ассоцияциясынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, аталган кыргызстандыктар Шарм-Аль-Шейх жана Каир шаарларында иштеп келишкен.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, маданият, маалымат жана дин иштери боюнча комитетинин төрайымы Жылдыз Жолдошова Египетте окуган 25 студент гана Кыргызстанга кайтып келүүгө макул болгонун маалымдаган.

Тышкы иштер министрлиги Египетте абал мындан да курчуй турган болсо кыргызстандыктарды эвакуациялоо башталаарын 5-февралда билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, Египетте Кыргызстандын 254 жараны бар. Алардын көпчүлүгү билим алуу үчүн баргандар.

Египетте өлкөнү отуз жылдан бери башкарып келген президент Хосни Мубарактын кетишин талап кылган элдик толкундоолордун экинчи жумасы уланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG