Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Египет: "Мусулман агаиндер" сүйлөшүүгө кошулду


Өлкөдөгү эң ири жана мыкты уюшкан оппозициячыл топ өлкөдөгү кризисти токтотуу боюнча өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткандыгын маалымдады. Өлкөдө демонстрациялар бүгүн 13-күн катары менен уланууда.

Жуманын ортосунда айрым кагылыштар болгон, бирок нааразылык акциялары азыр тынч өтүүдө. Демонсранттар бүгүн баш калаа Каирдин борбордук Тахрир аянтында буга чейинки толкундоолордо курман болгондорго куран окутканы жатышат.

Каирде камакка алынган "Азаттыктын" британ жарандыгындагы эки кабарчысынан дагы дале маалымат жок. Күбөлөр Роберт Таит менен Абделила Нуаимини акыркы жолу камактан бошотулуп, аэропортко бараткан жолдон көргөндүгүн айтышууда.

XS
SM
MD
LG