Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:59

“Мегакомдун” жетекчилигине кылмыш иши козголду


Кыргызстандагы ири уюлдук байланыш операторлорунун бири “Мегакомго” ээлик кылган “Альфателеком” компаниясынын жетекчиси Андрей Силич жана анын орун басары Александр Бороздинге каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголду. Аларга Кылмыш жаза кодексинин 180-беренеси боюнча “мыйзамсыз ишкерлик жүргүзгөн” жана 211-беренеси боюнча “салык төлөөдөн баш тарткан” деген айып тагылууда. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Даир Кенекеевдин журналисттерге билдиргенине караганда, учурда ишкананын ишин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Азамат Мурзалиев дайындалды.

Апрель окуясынан кийинки улутташтыруу жараяны учурунда “Альфателеком” ишканасынын 49% акциясы мамлекеттин колуна өткөн. Ал эми негизги көзөмөл акциясына Орусиянын Penwell Business Limited компаниясы ээлик кылат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG