Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:50

Азимжан Аскаровдун иши боюнча акыркы чечим чыгышы мүмкүн


Шейшемби күнү Жогорку Сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча анын көзөмөл арызын карайт. Анда сот чечим чыгарышы күтүлүүдө. Бул тууралуу укук коргоочунун адвокаты Нурбек Токтакунов “Азаттыкка” билдирди.

Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамга июнь коогасы учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деген айыптар коюлган.

Өткөн жылдын сентябрь айында Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду жана 5 кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтыруу тууралуу чечим чыгарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG