Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Тунисте бийликте болуп келген партиянын иши токтотулду


Тунис жумуриятынан жакында элдик толкундоолордун натыйжасында чыгып кетүүгө аргасыз болгон мурдагы президент Зине Эл Абидин Бен Алинин партиясы дээрлик бардык тармактарга үстөмдүк кылып турган. Кечээ (6-февралда) өлкөнүн ыңкылаптан кийин түзүлгөн өкмөтүнүн ички иштер министрлиги бул партиянын ишмердиги токтотулганын, балким, жакын арада партия биротоло таркатылышы ыктымалдынын билдирди. Түндүк Африкадагы бул өлкөдө 23 жыл бийликте отурган президент Бен Али элдик толкундоолордон кийин 14-январда чет өлкөгө бозгунга кеткен. Ошондон бери өлкөдө абал тынч эмес. Жекшембиде түндүктөгү полиция бекетинин имараты өрттөлдү. Ал жердеги буга чейин болгон нааразылык жыйыны маалында полиция кызматкерлери эки митинг катышуучусун атып салышкан болчу.

XS
SM
MD
LG