Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Кадамжайда Исхак Масалиевди колдогон митинг өтүүдө


Баткен облусунун Кадамжай районунун администрациясынын алдына 200гө чукул адам чогулуп, Коммунисттер партиясынын мурдагы жетекчиси Исхак Масалиевди актоону талап кылышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” митингдин катышуучуларынын бири Жыргалбек Абсатаров кабарлады. Анын айтымында, митингчилер Исхак Масалиев толук акталбаса Бишкекке жөө жүрүшкө чыгууга даяр экенин белгилешүүдө.

Улуттук коопсуздук кызматы Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевге карата 12-13-май күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну, бийликти басып алууну пландашкан деген айып тагып, кылмыш ишин козгогон болчу.

Ү.Сыдыков менен И.Масалиевдин соту бүгүн уланарын адвокат Кайрат Загибаев “Азаттыкка” билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG