Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Уюшма кылмыш тобунун эки лидерине издөө жарыяланды


Уюшма кылмыштуу топтун лидерлери деп шектелген 1975-жылы туулган Равшан Хакимов менен 1971-жылы туулган Акрамжан Абдикаримовго мамлекет аралык издөө жарыяланды. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчи орун басары Рахматулло Ахмедов “Азаттыкка” тастыктады. “Равшан-прогиб” жана “Жони-боксер” деген ат менен жүргөн бул эки жаран 97-берене (эки же андан ашык адамды өлтүргөн), 233-берене (массалык башаламандык уюштуруу) боюнча шектелүүдө. Учурда аларды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG