Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Социалдык сайттардын мааниси талкууланат


“Социалдык сайттар чыр-чатак учурунда маалымат алуу булагы” деген аталышта тегерек үстөлгө талдоочулар, журналисттер, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Тегерек үстөл “Чыр-чатактарды чагылдыруучу журналисттердин деңгээлин жогорулатуу” долбоорунун алкагында Британиянын эл аралык өнүктүрүү департаменти тарабынан уюштурулууда.

Байкоочулар өткөн жылкы апрель, июнь окуялары учурунда “Дизел.кг” сыяктуу социалдык сайттар маалымат алуунун бирден-бир булагы болгонун белгилешет. 7-апрель күнү мурдагы бийлик интернеттеги айрым көз карандысыз маалымат агенттиктеринин сайттарын жабууга аракеттенген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG