Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

Мамлекет башчынын Баткен облусуна иш сапары бүгүн аяктайт


Президент бүгүн Баткен шаарын жана Баткен районун кыдырат. Ошондой эле ал аймактагы чек ара заставаларынын абалы менен таанышары маалымдалууда. Түштөн кийин облустун активдери менен жолугушуу болот. Анда мамлекет башчы чек ара, кылмыштуулук, диний экстремизм жана терроризм маселеси тууралуу сөз сүйлөрү күтүлүүдө.

Президент Роза Отунбаеванын Баткен облусуна иш сапары кечээ башталган. Мамлекет башчы облустун Лейлек районун, Сүлүктү шаарын кыдырып, чек аранын абалы менен таанышкан.
Роза Отунбаева өткөн жумаларда Нарын жана Ысык-Көл облустарында болуп келди.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG