Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

А. Аскаровдун сотуна укук коргоочулар байкоо жүргүзүшөт


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча соттук териштирүүгө бир катар бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү байкоо салышат. Укук коргоочу Азимжан Аскаровго байланыштуу кылмыш иши калыс иликтенген жок, сот калыс жүргөн жок деп эсептейт. Анын пикиринде Жогорку Сот бул ишти кайра тергеп-иликтөөгө жиберүүгө тийиш.

Бүгүн Жогорку Сотто укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча анын көзөмөл арызы каралат.

Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамга июнь коогасы учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деген айыптар коюлуп, өткөн жылдын сентябрь айында Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду жана 5 кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтыруу тууралуу чечим чыгарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG