Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

Президент маркум милиционер Ысмановдун жакындары менен жолукту


Президент Роза Отунбаева Баткен облусуна жасаган иш сапарынын экинчи күнүндө Баткен чек ара бөлүгүн кыдырып, ал жердеги ал абал, чек арачылардын шарты менен таанышты. Президент облустук ооруканага барган учурунда дарыгерлер айлыкты көбөйтүү маселесин көтөрүштү. Андан соң Роза Отунбаева Бишкек шаарында өлтүрүлгөн милиция кызматкери Пиридинбай Ысмановдун туугандары менен жолугуп, Ысманов мамлекеттик бүтүндүктү коргоого аракет кылып, мекен үчүн курман болгонун айтты.

4-январь күнү Бишкекте террорист деп шектелгендердин колунан үч милиционер: Пиридинбай Ысманов, Алмазбек Сулайманов жана Самат Жээнбеков мерт болгон.

Учурда өлкө башчы Баткен облусунун жашоочулары менен жолугушууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG