Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

“Манас” Транзиттик борбору менен күйүүчү май тууралуу келишимге кол коюлду


Келишимге Энергетика министри Аскарбек Шадиев жана АКШнын Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү Ларри Маммот Бишкектеги мамлекеттик “Манас” ишканасынын имаратында кол коюшту. Бул келишим эми парламенттин ратификациясынан өтүшү керек. Күйүүчү майдын баасы толук бычылган соң, коргоо министрлиги менен дагы бир жолу келишим түзүлөт.

АКШнын “Манас” Транзиттик жүк ташуу борбору менен күйүүчү май сатуу боюнча келишимдин долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, парламенттер аралык кызматташуу комитети менен Отун-энергетика жана кен иштетүү комитеттери колдоп берген. Комитетте Аскарбек Шадиев "жаңы келишим транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыз кылууда коррупциялык схемаларга бөгөт коет", - деп билдирип, аны аткаруудан өлкө бюджетине болжол менен жыл сайын 50 миллиондон ашык доллар түшөрүн маалымдаган. Жаңы келишимге ылайык, “Манас” аэропортунда мамлекеттик күйүүчү май куюучу комплекс АКШнын транзиттик борбору пайдалануучу күйүүчү майдын 50 пайызын камсыздайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG