Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

Паспорт алуу иштери компьютерлештирилет


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын “Инфонком” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Бектур Абдраев билдирди. Анын айтымында, паспорт алууда кагаздарды толтуруу үчүн атайын электрондук система иштелүүдө. Бул чыгымдарды азайтып, паспорт берүү убактысын тездетет.

Бул ыкма Бириккен Улуттар Уюмунун атайын долбоору менен алгач түштүктө колдонулган. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү жаңы жабдыктар менен камсыз кылуу жана кызматкерлерди окутуу иштери кызмат көрсөтүүнүн баасына таасирин тийгизбей турганын белгилешүүдө. Кыргызстанда 110 паспортстол бар. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG