Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Аун Сан Су Чжи Батышты Бирма боюнча шартты өзгөртүүгө чакырат


Соңку 20 жылда Бирмада үй түрмөдө отурган Аун Сан Су Чжи Батыш өлкөлөрүнө кайрылып, Бирмадагы башкаруучу режимге каршы жазаналарды өзгөртүү жолдорун талкуулоону сунуштады.

Анын пикири боюнча Бирмада демократиянын калыптанышы жана экономиканы бекемдөө үчүн жазаналардын тартиби ийкемдүү болушу керек. Ал эми сүйлөшүүлөр маалында Бирманын милдеттемелери тууралуу так айтылыш керек.

Аун Сан Су Чжи Бирмадагы аскердик хунтага каршы оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн 20 жыл үй камагында отуруп, шайлоодон кийин гана бошотулган. Шайлоонун жыйынтыгы Батыш өлкөлөрү тарабынан катуу сынга алынган.

XS
SM
MD
LG