Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Европарламент Тунис боюнча донорлор жыйынын чакырат


Бүгүн (8-февралда) Европарламент мүчөлөрү Тунистеги бийлик алмашуудан кийинки демократиялык өзгөрүүлөрдү колдоо үчүн эл аралык донорлордун конференциясын чакырууга макулдашты. Европарламенттин атайын делегациясы 3-6-февралда Тунисте болуп келгенден кийин ушундай сунушту киргизген.

Парламенттин президенти Йержи Бузек бул күндөрү Түндүк Африка өлкөлөрү "өтө татаал жана үзүмчүл жолду" өтүп жаткандыгын айтып, андай кыйынчылыктарды 20 жыл мурун Борбордук Европа да басып өткөндүгүн эске салды. Британ тышкы иштер министри Уиллям Хейг Түндүк Африка боюнча үч күндүк сапары маалында бүгүн Туниске келди.

XS
SM
MD
LG