Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

"Газпром Нефть" ишканасы менен күйүүчү май сатып алуу тууралуу сүйлөшүү болду


Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 8-февралда Москвага иш сапары менен барып, аталган ишкананын президенти Александр Дюков менен жолугушту. Басма сөз кызматы бекемдегендей 1-вице-премьер-министрдин иш сапары өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен атайын авиа күйүүчү май сатып алуу маселесин сүйлөшүү максатында болду. Өмүрбек Бабанов иш сапары учурунда орус өкмөт башчысынын орун басары Игорь Сечин менен жолугушуп, соода-экономикалык кызматташтык, суу-энергетика тармагын өнүктүрүү тууралуу да маселелерди талкууга алды. Кыргызстандын 1-вице-премьер-министринин Орусияга иш сапары орус-кыргыз өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу комиссиясынын 12-отурумуна даярдык катары да жүрдү деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Орус-кыргыз өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын 12-отуруму 9-10-февралда Бишкекте, Ала-Арча резиденциясында болот. Кыргыз тараптан комиссияны өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев, ал эми экинчи тараптан Орусиянын бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов жетектейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG