Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Орус элчилиги Орусиянын 1-каналынын жыштыгы алмашканына кабатыр


Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 8-февралда кечинде тараткан билдирүүдө Коомдук телеканалдын Орусиянын 1-каналы обого чыгып келген каналын ээлеп алышы – эки өлкөнүн массалык маалымат каражаттары алкагындагы кызматташуусуна түздөн-түз кийлигишүү деп айтылган. Мындан тышкары элчилик бул эки тараптуу кызматташууга терс таасирин тийгизбей койбойт деп эскертип, бул маселе боюнча тиешелүү органдар тийиштүү чараларды көрөрүнө ишеничин билдирген.

КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев жыштыктардын алмашуусу Коомдук телеканалдын Бишкек жана Чүй облустарында көрсөтүү сапатын жакшыртуу максатында гана болгонун "Азаттыкка" белгиледи. Анын айтымында, Орусиянын 1-каналы Кыргызстандын аймагында көрсөтүлгөнү үчүн да Коомдук телеканал акы төлөйт, бул өткөн жылы 50 миллион сомго жетип, кыргызстандык салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн төлөнгөн. Каналдардын алмашуусунан Орусиянын 1-каналынын көрсөтүү сапаты начарлабаганын, тескерисинче жакшырып калганын Кыргызстандын Байланыш агенттиги да маалымдоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG