Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Зыяратчыларды ташыган фирмага кылмыш иши козголду


2010-жылы ажылык сапары учурунда зыяратчыларды ташыган “Рахис” туристтик фирманын жетекчилигине кылмыш иши козголду. Каржы полициясынын мурунку башчысы Эркин Бөлөкбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, аталган фирма 3 миллион сомдон ашуун салык төлөбөй койгон. Маалыматка ылайык, 22-октябрда “Рахис” фирмасы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен 3 миң зыяратчыны ташуу боюнча келишимге кол койгон. Учурда фирма жетекчилигине Кылмыш жаза кодексинин 213-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө амалдары жүрүүдө.

2010-жылкы ажылык сапарды уюштурууда мамлекеттик дин комиссиясы кыңыр иштерге жол бергени тууралуу кабар тараган. Өткөн аптада бул маселени Жогорку Кеңеш жабык эшик артында талкуулаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG