Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

АКШ Египетти өзгөрүүлөрдү токтоосуз жасоого чакырып жатат


Кошмо Штаттардын вице-президенти Жо Байден Египеттин вице-президенти Омар Сулейман менен телефон сүйлөшүүсүндө расмий Каирди коопсуздук күчтөрүнө кеңири укук берген өзгөчө абалды жоюуга чакырган.

Ага катар полиция журналисттер менен активисттер камоону, сабоону токтотуп, оппозиция менен кеңири диалог жүрүүсү керектигин белгилеген. Ушундай эле ойду Вашингтондогу жыйында Ак үйдүн маалымат катчысы Роберт Гиббс да айтты:

- Өкмөт нааразылыкка чыккандарды, журналисттерди камоону, жарандык коомго тартылгандарды, активисттерди, кабарчыларды куугунтуктоону, уруп-сабоону токтотуусу керек. Биз камактагылардын баарын тезинен бошотууга чакырабыз.

8-февралда Египеттин вице-президенти Сулейман саясий кризис узакка созула албасын, өкмөттө бийликти тынч өткөрүүнүн планы жана графиги бардыгын белгилеп, “шашылыш” реформалар өлкөнү башаламандыкка алып барарын эскерткен.

Бирок президент Хосни Мубарактын кетишин талап кылып жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары мындай убадаларга ишенбей, алдыдагы жума күнү дагы бир ири демонстрация өткөрүүгө чакырышууда. Элдик толкундоо кечээ (8-февралда) кайра жанданды.

XS
SM
MD
LG