Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Он күн ичинде уюшма кылмыш топтун 31 мүчөсү кармалды


Ички иштер министрлигинин маалымдашынча, 1-февралдан 9-февралга чейин ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында уюшма кылмыштуу топтун 31 мүчөсү кармалды. Алардын ичинен отузу камалып, бирөө үй камагына чыгарылган. ИИМдин маалымат кызматы кармалгандардан эки тапанча, ок дары, Калашников автоматынын ок чонтою, граната, баңгизат табылганын маалымдап жатат.

Айрым маалымат булактары бүгүн Бишкек шаарынын “көзөмөлчүсү” “Алтуха” деген ат менен жүргөн Алтынбек Ибраимов кармалганын жазып чыгышты. Бирок ИИМ басма сөз кызматынын жетекчи орун басары Рахматулло Ахмедов бул маалыматты тастыктаган жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG