Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Тажикстанда исламчыл оппозиция өкмөттү сынга алды


Оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясы өкмөттү өз элин жээрип, жарандардын укугун тебелеп жатат деп айыптады. Партиянын билдирүүсүндө коррупция, авторитардык башкаруу демократияга жана улуттук биримдикке шек келтирип жатканы белгиленген. Партия мындай билдирүүнү оппозициячыл “Нажот” гезитинин башкы редактору Хикматулло Сайфуллозода белгисиз адамдар тарабынан токмоктолгондон кийин жасады. Бийликтеги Элдик демократиялык партия оппозициянын дооматын четке кагуу менен өлкөдө иштеп жаткан сегиз саясий партия, эркин басма сөз бар болгонун белгилөөдө. 1992-97-жылкы жарандык согушта өкмөт каршы күчтөрдүн башында турган Ислам кайра жаралуу партиясы азыр парламентте эки гана орунга ээ.

XS
SM
MD
LG