Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Кыргыз-орус кызматташуусу кайра жанданабы?


Кыргыз премьери Алмазбек Атамбаев Орусия өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушууда. Москва, 2010-жылдын 27-декабры.
Кыргыз премьери Алмазбек Атамбаев Орусия өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушууда. Москва, 2010-жылдын 27-декабры.

9-10-февралда Бишкекте өтчү өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселелери каралат.

Стратегиялык өнөктөштөр

Кыргызстан Россияны стратегиялык өнөктөшү катары атап келет. Ошого жараша кызматташуу жагдайлары бар. Маселен, Кыргызстан күйүүчү майдын 90% ашуунун Россиядан алат. Жүз миңдеген мигранттары Россиянын учу-кыйырында жүрөт. Кыргызстандын 2010-жылдагы 4 млрд. 269 млн. доллар тышкы соодасынын 30% Россияга туура келет. Камбар-Ата-1 сыяктуу ири долбоорлорду Бишкек Москва менен турмушка ашырууну көздөгөн. Ошондой эле түштүктөгү газ, мунай чыгуучу жерлерди чалгындоо жана иштетүү “Газпромго” тапшыруу алдында турат. Аскерий багыттагы кызматташуулар да тыгыз. Бирок чече турган маселелер да арбын.

Мына ошол маселелерди чечүүнү көздөгөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын негизги жыйыны 10-февралда болот. Анда кыргыз тарапты өкмөт башчынын биринчи орун басары Өмүрбек Бабанов, орус тарапты Россиянын бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов жетектейт.

Өкмөттүн маалымат кызматынан алынган маалыматка караганда, 9-февралда эксперттер чогулуп, 10-февралдагы жыйында карала турган маселелерди дагы бир ирет такташат жана даярдыктарды көрүшөт. Ошондуктан шаршембиде эки өлкөнүн бажы, айыл-чарба, энергетика, транспорт жана башка тармактар боюнча эксперттери Бишкете чогулушту.

Өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Болот Жумабаев 10-февралдагы 12-жыйында карала турган маселелер тууралуу буларды билдирди:

- Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуулардын 11-отурумунун чечимдерин аткарылышы (2009-жылы өткөн), экинчиси, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосунда 2011 жана 2012-2013-жылдарга экономикалык кызматташуусунун программасы.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйыны 2010-жылдын февраль айында өткөрүлүп, андан натыйжа болгон эмес. Ага кыргыз-орус мамилесиндеги оош-кыйыштар себеп болгон.

Маалым болгондой 2009-жылы мурунку президент Курманбек Бакиевдин учурунда эки өлкө ири келишимдерге жетишкен. Орус тарап анын натыйжасында Кыргызстанга 150 млн. доллар грант, 300 млн. доллар женилдетилген насыя бөлгөн жана тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну макулдашкан. Орус тарап ГЭСтин курулушу үчүн 1млрд 700 млн. доллар насыя бөлүүгө убада кылган. Кыргыз тарап бул үчүн "Манастагы" АКШнын аскердик базасын чыгараарын Москвада жарыялаган. Бирок ал аткарылбай, натыйжада Камбар-Ата-1 боюнча долбоор токтоп калган.

Орус тарап 2010-жылдын апрель айынан тарта Кыргызстанга экспорттоло турган күйүүчү майга кошумча төлөм киргизген.

Апрелден бери эми кыймыл башталабы?

Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстанда бийлик алмашып, бирок эки тарап биргелешкен долбоорлорду турмушка ашырууга эми гана кайрадан киришип жатат. Жакында эле убактылуу мөөнөткө күйүүчү майга кошумча бажы төлөмү алынып, күйүүчү май 8 сомго чейин арзандады. Бирок талкуулана турган маселелер арбын.

Алар тууралуу “Ак шумкар” партиясынын лидери
Темир Сариев буларды билдирди:

- Алар өздөрүнүн даярдыгын көп багыттарда көрсөтүп жүрөт. Ошонун ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча, аны чогуу колдонуу боюнча. Мындан башка Датка-Кемин электр зымдарын тартуу, “Дастан” ишканасын чогуу иштетүү маселеси бар. Бул каралып, кандайдыр бир чечимдерге келген нерсе. Мындан башка газ, мунай, тоо кендерин иштетүү бар. Мен ойлоймун, мына ушуга карата Кыргызстан ар бир багыт боюнча конкреттүү сүйлөшүп, Кыргызстандын кызыкчылыгын камтып, ошого карата келишимдерге кол коюш керек.

Орус делегациясын 10-февралда президент Роза Отунбаева, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кабыл алышы күтүлүүдө.

Комиссия жыйынында алдында Кыргыз коомдук телеканалы менен Россиянын ОРТ телеканалдарынын жыштыктарын алмаштыруу Бишкектеги орус элчилигинин нааразылыгын жаратты. Ошондой эле "Мегакомдун" айланасындагы чатактар эки мамлекеттин мамилесине таасир этип жатканы байкалууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG