Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Казакстанда президенттикке талапкер болобуз дегендер тил сынагынан өтүп жатат


Бүгүн сынактан анча таанымал эмес активист, жаратылышты коргоочу Мусагали Дуамбеков өттү. Комиссия ал сынактын жазуу бөлүгүндө анча маанилүү эмес беш стилистикалык ката кетиргенине карабай, казак тилин жетиштүү деңгээлде билет деп тапты.

“Жашыл аалам” үчүн деген экологиялык кыймылдын лидери Дуамбеков президент Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын баласы Кайрат Сатыбалдыга жакын адам катары эсептелинет.

Ал өзү бүгүн кабарчылар менен маегинде 3-апрелдеги шайлоодо жеңишке жетишүүгө үмүттөнбөсүн, президент Назарбаевди жеңүү деген идеянын өзү “утопия” экендигин белгилеп, “биз президентибизди” колдойбуз деп айтты. Кечээ тил комиссиясынын сынагынан оппозиция активисти, парламенттин мурдагы депутаты Уалихан Кайсаров өтпөй калган.

Ал кабарчылар менен маегинде комиссия чечимин “саясий жүйөсү” бар деп баалады. Казакстандын айрым оппозициячыл топтору апрелге белгиленген мөөнөтсүз шайлоону мыйзамсыз деп эсептөө менен элди аны бойкоттоого чакырууда.

XS
SM
MD
LG