Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

10-февралда "Санпа" окуясы боюнча сот уланат


"Санпа" пахта иштетүүчү заводдун жанындагы адам өлтүрүү, башаламандык уюштуруу боюнча Сузак райондук соту чыгарган чечимге нааразы тараптын апелляциялык арызын Жалал-Абад облустук соту кароодо. Аймактагык кабарчыбыздын билдиргени боюнча мурунку жараянда бул иш боюнча июнь коогалаңы учурунда облустук коменданттын орун басары болуп турган Адыл Ашуров менен Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов көрсөтмө берген. Ал эми мурдагы комендант, азыркы Баш прокурор Кубатбек Байболов, мурунку коргоо министри Исмаил Исаков жана облус губернатору Бектур Асанов сотто көрсөтмө берүүгө чакырылганы менен келишкен эмес. Жабырлануучулар, алардын адвокаттары, ошондой эле айыпталып жаткандардын адвокаттары да жогорудагы аткаминерлердин сотто көрсөтмө берүүсүн өтүнүшүүдө.

"Санпа" окуясы боюнча 19 кишиге айып тагылып, Сузак райондук соту тарабынан алардын ичинен 17 киши өмүр бою эркинен ажыратылган. Экөө жашы улгайып калганына байланыштуу 25 жылдан камакка кесилишкен. Соттолгондордун экөө мурунку милиционерлер, бирөө мурдагы башкарма.

2010-жылы 13-июнда Сузактагы пахта иштетүүчү "Санпа" заводунун жанында 500дөн ашуун киши чогулуп, Бишкек-Ош жолунан ары-бери өткөн унааларды аткылашкан. Натыйжада 16 киши өлтүрүлүп, он чакты унаа өрттөлгөн. Эки киши дайынсыз жоголгон. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG