Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Ноокенде “Санпа” окуясы боюнча сот башталды


Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы кабарлады. "Санпа" пахта иштетүүчү заводдун жанындагы адам өлтүрүү, башаламандык уюштуруу боюнча Сузак райондук соту чыгарган чечимге нааразы тараптын апелляциялык арызын Жалал-Абад облустук соту кароодо.

Аймактагы кабарчыбыздын билдиргени боюнча, мурдагы комендант, азыркы баш прокурор Кубатбек Байболов, мурунку коргоо министри Исмаил Исаков жана облус губернатору Бектур Асанов сотто көрсөтмө берүүгө чакырылганы менен өткөн соттук жарянга келишкен эмес. Жабырлануучулар, алардын адвокаттары, ошондой эле айыпталып жаткандардын адвокаттары да жогорудагы аткаминерлердин сотто көрсөтмө берүүсүн өтүнүшүүдө.

Соттук материалдар боюнча "Санпа" заводунун айланасында он адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, 44 киши жабырлануучу, 96 адам күбө катары катталган. Баштапкы сот 19 соттолуучунун он жетисин өмүр бою эркинен ажыратуу, калган эки айыпталуучуну 25 жылдан түрмөгө кесүү өкүмүн чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG