Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Менчиктештириле турган мекемелердин тизмеси талап кылынды


Парламентте 2011-жылдын бюджет долбоорун талкулоо учурунда “Ата Мекен” фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев өкмөт мүчөлөрүнөн менчиктештириле турган мекемелердин тизмесин, алардын бааларын талап кылды. "Ар-намыс" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров да бул сунушту колдоп, менчиктештирүүдөн бюджетке канча акча түшөөрү ачык болушу керектигин белгиледи. Айрым депутаттар бюджет долбоору боюнча социалдык тармакка аз каражат каралып калганын сындашты. Өкмөт болсо быйыл айыл чарба тармагына жакшы көңүл буруларын белгилеп жатат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков долбоорду экинчи окууда кароо учурунда айрым суроолор ачыкталарын белгиледи. Учурда суроо-жооп токтоп, талкуу уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG