Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Пакистан: өспүрүм жанкечтинин жардыруусунан кеминде 20 киши өлдү


Мектеп формасын кийген өспүрүм Пакистандын түндүк батышындагы аскердик лагерде жардырган бомбадан кеминде 20 киши өлүп, 40 киши жарадар болду. Полициянын айтуусунда жардыруу өтө катуу коопсуздук чаралары көрүлгөн лагерде аскерлер машыгып жатканда болгон.

Талиптердин маалымат катчысы жардырууну анын уюуму ишке ашырганын мойнуна алды.

Пакистандын премьер министри Юсуф Гилани мындай каргаша пакистандыктардын террорчулукка каршы күрөшүнө тоскоолдук боло албастыгын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG