Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Guardian гезитинин Москвадагы кабарчысына Орусия жаңы виза берет


Британиялык Guardian гезити өз кабарчысы Люк Хардингге орусиялык Тышкы иштер министрлиги виза бере ала тургандыгы жөнүндө кабарды кубануу менен кабыл алып, учурда «кабарчы менен гезит редакциясы сунушту талкуулап жатышканын» аталган гезиттин интернет сайты жазып чыкты.

Шаршембиде Орусиянын ТИМи Люк Хардин Москвага келип иштөөгө жаңы виза алса болоорун билдирди.

Өткөн дем алууда британиялык журналист Москвага учуп келгенде аэропорттон эле кайра Лондонго жиберилип, визасы жокко чыгарылган.

Бейрасмий маалыматтарда Орусия бийлиги мындай чечимди Люк Wikileaks сайтындагы Орусия тууралуу маалыматтарды тараткандыгы үчүн кабыл алды деп айтылган.

XS
SM
MD
LG