Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:28

Египетте Мубарактын билдирүүсүнүн артынан бүгүн алкактуу демонстрациялар күтүлүүдө


Египетте президент Хосни Мубарак бийликтен кетпей турганын билдиргенден кийин нааразы болгон эл бүгүн алкактуу демонстрацияга чакырууда. 30 жылдан бери бийликте турган президент Мубарак кечээ телеканалдан жасаган кайрылуусунда болгону айрым укуктарын вице-президент Омар Сулейманга ыйгараарын билдирди.

"Мен, Конституцияга ылайык, укуктарымды вице-президентке тапшырам деп чечтим, - деди президент. - Египет кайра тынч жашоого кайтат жана ал тынчтык бузулбайт деп ишенем".

Мубарак ушул жылы сентябрда президенттиктен сөзсүз кетээрин дагы кайталап, азыр болсо бийликти башка бирөөгө өткөрүүгө ылайыктуу шарт түзүш үчүн конституцияга өзгөрүүлөрдү киргизе турганын билдирди.

Президенттин сөзүнөн кийин вице-президент Омар Сулейман борбордук Каирдеги Тахрир аянтында 17 күндөн бери турган элге кайрылып, “үйүңөргө тарагыла” деди.

Бейшембиде “Мубарак бийликтен кетээрин жарыялайт экен” деген сөз тараган. Кийин президенттин сөзүндө ал айтылат го деген үмүттө турган эл сыналгыдагы билдирүүдөн кийин нааразы болуп кыйкырып жатты. Миңдеген демонстранттар телеканалдын имаратына жана Ак Үйгө карай жол алганы айтылган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG