Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Аксыда нааразылык акциясы болду


Райондун Жаңы-Жол айлынын тургундары 10-февралда акимчиликтин алдына келип, Жаңы-Жол айыл округунун башчылыгына апрель окуясынан кийин эл тарабынан дайындалган СДП партиясынын мүчөсү Шайлоо Кубатбековдун калтырылышын талап кылышты. Алар менен райондун акими Кадыркул Өмүрбеков чыгып жолугушту. Митингдин уюштуруучуларынын бири Табылды Тазабековдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча нааразылыктын келип чыгышына Жаңы-Жол айыл округунун апрель окуясына чейинки башчысы Эрменкан Байышев өзүнүн кызматтан мыйзамсыз алынганын белгилеп, сотко кайрылганы себеп болгон.

Митингдин катышуучулары апрель ыңкылабынын ишке ашуусуна жеке салымын кошкон жарандар кызматында калуусун, А.Акаев, К.Бакиев, 7-апрель элдик революциядан кийин келген убактылуу өкмөт жана техникалык өкмөттөрдүн мезгилинде жен ичинен сатылып кеткен жерлер, жаратылыш, кен байлыктарга түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылып, Кыргыз элинин мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынып, жаңыдан келишим түзүлүүсүн, шаардык, райондук жана айылдык кенештер таркатылып, ушул кеңештерге шайлоо мөөнөтү белгиленишин, элдин таза келечеги үчүн тез аранын ичинде «Люстрация» мыйзамы кабыл алынуусун талап кылган кайрылуусун Президентке, премьер-министрге, ЖК төрагасына жолдошту.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG