Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Каирде Мубаракка каршы демонстрациялар уланууда


Египет оппозициясы Хосни Мубаракты президенттиктен кетирүү үчүн бүгүн (11-февралда) да эсепсиз элди көчөгө чыгарабыз деп убада кылды. Мубарак өткөн түнкү телекайрылуусунда бийликтен кетпесин айтып, конституциялык өзгөрүүлөрдү сунуш кылган жана президенттин айрым вазийпаларын вице-президентке өткөрүп берген.

“Мен Конституцияга ылайык президенттик кээ бир жоопкерчиликтерин вице-президентке өткөрүүнү чечтим. Египет бул кризисти жеңерин мен абдан жакшы билем, эрки сындырылбайт. Египет өз уулдарынын нарк-насили жана эрки менен бутуна кайра турат, кутумчулар менен керооздордун жаман оюн майтарат”-деди президент Мубарак.

Демонстранттар мурдагыдай эле түнү бою борбордук Тахрир аянтында калышты. Алар тарапкерлерин президенттин сарайына көздөй жүрүшкө үндөшүүдө.

XS
SM
MD
LG