Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

Египет генералдары реформага кепил өтүштү


Египеттин куралдуу күчтөрү президент Хосни Мубарактын бийликти өткөрүп берүү мүдөөсүн колдоду. Жогорку Аскерий Кеңеш 11-февралда өкмөттүк телеканалдан окулган билдирүүсүндө Мубарактын кээ бир бийлик укуктарын вице-президент Омар Сулейманга өткөрүүсүн колдоду.

"Кеңеш мына бул чечимдин аткарылышына кепил өтөт: азыркы жагдай жөнгө салынса, чукул кыраал абалы токтотулат; парламенттик шайлоо боюнча соттун каршы пикирин оң чечет, мыйзамга тийиштүү түзөтүүлөр киргизилет, Конституцияга кииргизилген түзөтүүлөргө жараша эркин жана адилет шайлоо өткөрүлөт",-деп айтылат Аскерий Жогорку Кеңештин мамлекеттик телеканалдан окулган билдирүүсүндө.

Хосни Мубарак өткөн түнкү телекайрылуусунда бийликтен кетпесин айтып, конституциялык өзгөрүүлөрдү сунуш кылган жана президенттин айрым вазийпаларын вице-президентке өткөрүп берген.

Каирде демонстранттар мурдагыдай эле Тахрир аянтында, президент сарайынын артабында өкмөттүк телеборбордун жанына топтошууда. Алар Мубарактын бийликтен токтоосуз кетүүсүн каалашат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG