Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Египет: Мубарак Каирден чыгып кетти


демонстранттар мамлекеттик телевидениенин имаратынын жанында, 11-февраль.
демонстранттар мамлекеттик телевидениенин имаратынын жанында, 11-февраль.

Египет президенти Хосни Мубарак ордо калаа Каирди таштап, үй-бүлөсү менен Шарм ал-Шейх шаарына учуп кеткени кабарланууда.

Каирде президент сарайы менен мамлекеттик телестанциянын алдында он миңдеген демонстранттар калкыйт. Дагы миңдеген адамдар Каирдин четиндеги тикенектүү зымдар менен курчалып, оор техника кайтарган президенттин резиденциясына көздөй агылып баратканы маалымдалууда. Демонстранттар Мубарактын президенттиктен кетпегенине нааразы.

"Ал-Арабия" телеканалы 11-февралда Хосни Мубарак үй-бүлөсү менен курорттуу Шарм ал-Шейх шаарына эртелеп учуп кеткенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG