Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Мубарак президенттиктен кетти, бийлик армияга өттү


Египеттин (Мысырдын) президенти Хосни Мубарак бүгүн (жума күнү) кечинде кызматтан кетти. Бийлик эми армиянын колуна өткөнүн өлкөнүн вице-президенти Омар Сулейман сыналгыдан кабарлады. Бу кабарды Мубарактын президенттиктен дароо кетүүсүн талап кылып, Каирдеги Президент сарайы менен мамлекеттик сыналгы компаниянын имараттарынын алдында жыйылган он миңдеген демонстранттар жана башка шаарларда чогулган эл сүйүнгөнүн билдирген кыйкырыктар менен тосуп алышты.

Мубарак кечээ (10-февралда) кээ бир ыйгарым укуктарын вице-президент Омар Сулейманга өткөрүп берерин билдирип, бу кадамды Египеттин аскерий төбөлдөрү колдогон болчу. Бүгүн "ал-Арабия" сыналгы каналы Хосни Мубарак үй-бүлөсү менен курорттук Шарм аш-Шейх шаарына саал мурдараак учуп кеткенин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG