Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Азербайжан менен Армения согуш мизинде


Азербайжан талаштуу Тоолуу Карабак үчүн Армения менен согушка “олуттуу даярдыктарды көрүүдө”. Мындай билдирүүнү Азербайжандын коргоо министри 11-февралда Бакыда Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) тынчтык сүйлөшүүдөгү арачылары менен болгон кездешүүдө жасады. Сафар Абиевдин айтышынча, Армения Тоолуу Карабактагы “оторчулук саясатын” токтотууга тийиш.

Тоолуу Карабак талашы сүйлөшүү аркылуу чечилбесе, күч колдонорун ырасмий Бакы маал-маал эскертип келет.

Расмий Бакы, эгер согуш баштаса, татыктуу жообун аларын Армения эскерткен. Ереван колдогон жергиликтүү армяндар Тоолуу Карабакты 1990-жылдардын башындагы согуштун натыйжасында көзөмөлдөп калган. Согушта 30 миңдей адам өлгөн. Азербайжандын ырасташынча, анын аймагынын 14 пайыздан кем эмес бөлүгүн Армения басып алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG