Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Окуучусун урган мугалимдин иши иликтенүүдө


Кыргызстанда мугалимдердин окуучуларга кол көтөргөн жосундары айтылып жүргөнү менен ачыкка чыккандары өтө эле аз.
Кыргызстанда мугалимдердин окуучуларга кол көтөргөн жосундары айтылып жүргөнү менен ачыкка чыккандары өтө эле аз.

11-февралда Бишкектеги 49-орто мектептеги жаңжалды териштирүү боюнча комиссия түзүлдү. Бул мектепте мугалим окуучуну уруп жатканын бирөөлөр уюлдук телефонго тартып, интернет аркылуу таратып жиберген.

Мугалим аны окуучулар кордогону үчүн кол көтөрүүгө мажбур болгонун билдирсе, окуучу насыя таяк жегенин айтууда.



№49 мектеп Бишкектеги ондогон кадыр эсе мектептердин эле бири. Азыр бул мектеп бүтүндөй коомчулуктун көңүл чордонуна чыккан кез. Мугалимдин окуучусун урганы дүң болоор замат өспүрүмдөр менен иштөө боюнча кызматкерлер, укук коргоочулар бул мектепке жетип барышты.

Аталган мектепте орус тили жана адабиятынан сабак берген Элвина Маралбаева аттуу мугалим Ислам аттуу окуучуну сабап жаткан учуру уюлдук телефонго тартылып, интернетке чыгып кеткен. Мугалим окуучусуна кол көтөрүүгө эмне себеп болгонун бизге төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Балдардын эми кээ бири угат, кээ бири укпайт. Айрымдары эми чынында жүз жолу айтсаң да түшүнбөйт да... Эми биз деле адамбыз да, ошого жеткирет кээде. Жөндөн жок эле урбайм да...

Тасмада мугалимден таяк жеп жаткан Ислам болсо 2 күндөн бери сабакка келбей жаткан экен. Биз аны үйүнөн таптык:

- Ошол күнү партанын үстүнө бирөө жазып коюптур. Анан мени эле күнөөлөп урду да сен жазгансың деп. Бирок аны мен жазган эмес элем.

Ислам бул эжейи окуучуларга кол көтөргөн учуру мурда да болгонун айтып, бирок ошого өздөрү жеткиргенин да жашырган жок:

- Эми кээде катуу, кээде акырын эле урчу. Жини келгенде катуу эле урчу. Биз ошого жеткирген үчүн урса керек да...

Аталган мектептин директору Роза Молдакунова болсо мугалимдин бул жосунун түшүнө албай турганын айтат:

- Кандай болгон учурда да мындай ыкманы колдонуу туура эмес. Балдардын укугу боюнча конвенция бар. Анын үстүндө канча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат, канча семинар өткөрүлүп жатат. Бул мугалим аны билген, тажрыйбасы жетиштүү болчу, жаш адис эмес эле.

Кыргызстанда окуучуларга кол көтөрүү окуялары анда-санда интернет аркылуу тарап жүрөт. Буга чейин 2009-жылы Майлуу-Суу шаарындагы №5 орто мектебинде да окуучу менен мугалимдин ортосундагы ушундай чатак интернет аркылуу бүт өлкөгө дүң болгон.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG