Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:57

Египетте бийлик армияга өттү


Египеттин президенти Хосни Мубарак кызматтан кетти. Бийлик армиянын колуна өткөнүн вице-президенти Омар Сулейман өкмөттүк телеканалдан кабарлады:

- Урматтуу мекендештерим, өлкө башына түшкөн азыркы оор мезгилде президент Хосни Мубарак президенттик кызматынан кетүүнү оң тапты. Ал мамлекеттеги иштерди көзөмөлдөөнү Куралдуу күчтөрдүн Жогорку Кеңешине өткөрүп берди. Алла таала бизди сактасын.

Бул кабарды Мубарактын президенттиктен кетүүсүн талап кылып, Президент сарайы жана мамлекеттик телестанциянын алдында чогулган он миңдеген демонстранттар сүйүнө кыйкырыктар менен тосуп алышты.

Мубарак кечээ кээ бир бийлик укуктарын вице-президент Омар Сулейманга өткөрүп берерин билдирген. Бул кадамды Египеттин аскерий төбөлдөрү колдогон болчу. Бүгүн “ал-Арабия” телеканалы Хосни Мубарак үй-бүлөсү менен курорттуу Шарм ал-Шейх шаарына эртелеп учуп кеткенин кабарлаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG