Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Мубарактын кадамын дүйнө лидерлери жактырды


Мысыр президенти Хосни Мубарактын кызматтан кетүүсүн дүйнө лидерлери колдошуп, Египетти тезинен демократияга багыт алууга чакырышты.

АКШ президенти Барак Обама жума күнү жасаган билдирүүсүндө Египет эли "бизге жаңы дем берди” деп, Мысыр эч качан мурдагыдай болбойт деди. Ошондой эле Египеттин аскерий жетекчилигин өлкөнү демократияга ишенимдүү өткөрүүгө үндөдү.

Мубарактын бийликтен кетишин Евробиримдиктин эл аралык иштер боюнча комиссары Кэтрин Эштон айым да жактырып, ал “Мысыр элинин үнүн укту” десе, Германиянын канцлери Ангела Меркел айым “өзгөрүү үчүн тарыхый учур келгенин” айтып, Египетти Израил менен түзүлгөн тынчтык келишимин сыйлоого чакырды.

Британия премьер-министри Дэвид Кэмерон жана Франция президенти Никола Саркози Египетти эркин шайлоо өткөрүүгө үндөштү.

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун бийликти “ачык-айкын, ырааттуу жана тынч өткөрүп”, Мысырда жарандык башкарууну орнотуу үчүн шайлоону “эркин, адилет жана калыс” өткөрүү зарыл экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG