Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:06

Eгипеттиктер Мубарактын бийликтен кетишин майрамдоодо


Каирдин Тахрир аянтындагы миңдеген адамдар Египетти 30 жыл башкарган Хосни Мубарактын бийликтен чегингенин таңкы намазга чейин майрамдашты. Кылкылдаган эл борбордук аянтта 18 күн туруп, Хосни Мубаракты бийликтен кетүүгө мажбурлады. Өлкөнүн полициясы нааразылык акциясы маалында аянтты курчай коюлган темир тосмолорду жыйнай баштады. Өлкөдө бийлик аскердик кеңешке убактылуу берилди.

Соңку 1 айда 82 жаштагы Хосни Мубарак араб лидерлеринин ичинен элдик толкундоонун натыйжасында бийликтен кеткен экинчи өлкө башчы болуп калды. 14-январда Тунисти 23 жыл башкарган Бен Али да өз өлкөсүн таштап, чет мамлекетке чыгып кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG