Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

Владга Орусиянын дарыгерлери жардам бере албайт


Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Орусиянын Бакулев атындагы жүрөк, кан тамыр хирургиясы илимий борборунун адистери жүрөк кемтиги менен жабыркаган кыргызстандык наристеге жардам көрсөтө албастыгын билдиришти. Алар Владдын ата-энесине Германиянын атайын клиникалары менен кошумча кеңешүү керектигин сунушташты. Германияда ымыркайга опреция жасоо үчүн 30 миң евродон ашык каражат талап кылынышы мүмкүн.

Жакынкы күндөрдө жүрөк кемтигинен дем алуусу кыйындап бараткан төрт айлык Влад Зайцевдин ата-энеси коомчулукка жардам сурап кайрылышкан. 7-февралдан бери аларга жардам берүүнү каалагандар тарабынан 50 миң сом каражат топтолгон. Ушул тапта Шаардык балдар ооруканасынын дарыгерлери операцияга чейин ымыркайдын ден соолугуна көз салып, оорулуунун абалын бир калыпта кармап туруу үчүн терапиядан өткөргөнү жатышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG